Аба ырайы: эртең кар аралаш жаан жаайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кар аралаш жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

"Бишкек жана Ош шаарларында…2…4 градус жылуу болушу күтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу), 198-265 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кооптуулук сакталат.

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкү түшө турган аймактар — карта
Ошондой эле алыскы жолго чыккандар Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-9- чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), (Ийри–Суу участкасынын 42-44-чакырым) жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) сак болуусу керек.

Көчкү коркунучунан тышкары, жолдорго муз тоңуп тайгак болот, кар күрткүсү жаралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0