Март айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековВелосипед тееп бараткан кыз. Архив
Велосипед тееп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер жаз мезгили туруктуу аба ырайы менен баштала турганын божомолдошууда.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Март айы кар аралаш жаан менен башталса да өлкө аймагында үшүк жүрбөй турганын Кыргызгидрометтин метеобожомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жаай турган жаан-чачындын нормасы бир айлык чектен ашат.

Терезенин жанында отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Араванда кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактан 4 үй-бүлө көчүрүлдү
Чүй менен Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында орточо эсеп менен абанын температурасы түнкүсүн 7, күндүз 22 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүп жатат.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3, күндүз 23 градуска чейин ысышы божомолдонууда.

Ысык-Көлдө март айында түнкүсүн 2 градуска чейин суук болсо, күндүз 10 градуска чейин жылуу болот.

Нарындын дыйканчылык аймагында түнкүсүн 8 градуска чейин суук болсо, күндүз 8 градус жылуу болушу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0