Бишкектеги митингден кийин 2 КамАЗ таштанды чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Текебаева у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
Митинг сторонников Текебаева у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын тарапташтары каршылык акциясын "Ала-Тоо" аянтында, УКМК менен сот имараттарынын алдында өткөргөн.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөргөндөн кийин эки КамАЗ (алты куб метр) таштанды чыкканын Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Кечээ күнү камакка алынган "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүштү. Каршылык акциясы "Ала-Тоо" аянтында, УКМК менен Биринчи Май райондук сотунда жана мурдагы аскер сотунун алдында өткөн.

"Ала-Тоо" аянты менен Эркиндик проспектисинин тегерегинен алты куб метрге жеткен таштанды чогултулду. Анда кагаз, желим, тамекилер ыргытылган. Тагыраагы суу ичип, тамак жеп калдыктарын ыргытып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Соттун аймагында, таштандынын көлөмү азырынча белгисиз.

ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери болду
Белгилей кетсек, депутат 26-февралда Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Кечээ күнү Биринчи Май райондук соту эл өкүлүн эки айга камакка алуу чечмин чыгарды. 

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиядагы телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп бир миллион доллар алган деп айыпталууда. Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгосо, тергөө иштерин УКМК жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0