КР менен РФтин Социалдык өнүгүү министрликтери чогуу иштемей болду

© Фото / пресс-служба Министерства труда и соцразвития КРМинистр труда и социального развития КР Таалайкуль Исакунова
Министр труда и социального развития КР Таалайкуль Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда эки мамлекеттин министрликтеринин чогуу иштеши коомдун өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөрү баса белгиленди.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кырызстан менен Россиянын социалдык өнүгүү министрлери Таалайкүл Исакунова менен Максим Топилин жолукканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки мамлекеттин министрликтеринин чогуу иштеши коомдун өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөрү баса белгиленди.

"Биздеги көйгөйлөр окшош. Андыктан ЕАЭБдин алкагында коомдун аялуу катмарын колдоого багытталган нормативдик укуктук базаларды бирдей кылып, социалдык кызматтарды өнүктүрүшүбүз керек", — деди Исакунова.

Государственная служба исполнения наказания при Правительстве Кыргызской Республики. Учреждение №16 - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматтар түрмөдөн чыккандарга коомчулукка аралашууга көмөк көрсөтөт
Өз кезегинде Россиянын министри Максим Топилин буга чейин эки кол коюлган эки тараптуу келишимдердин алкагында эки мамлекеттин министрликтери тажрыйба алмашуу боюнча иштей турганын айтты. Анын ичинде социалдык тармак, пенсиялык системасы сыяктуу багыттар бар.

Андан сырткары, Топилин Исакунованы жайында боло турчу социалдык-эмгек тармагындагы форумга катышууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0