Тазалык: Нооруздан кийин Бишкек шаарынан 700 тонна таштанды чыгарылды

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЦентр Бишкека после празднования Нооруза
Центр Бишкека после празднования Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-мартта Бишкек шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Бишкек шаарынан жалпысынан 4,5 миң куб метр таштанды чыгарылган. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

21-март күнү Ноорузга карата Бишкек шаарында бир катар майрамдык иш-чара өткөрүлгөн.

"Кечээ жалпы шаар ичинен 4500 куб метр таштанды чыгарылды. Мындай күндөрү 3200 куб метр таштанды чыгарылчу. Ал эми борбордук аянттан 30 куб метр таштанды чогултулган", — дешти "Тазалыктан".

Шаарды тазалоо иштери таң атканча уланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0