ТИМ: Петербургдагы жардыруудан жабыркаган жана өлгөндөрдүн арасында КР жарандары жок

© AFP / Alexander BULEKOVВзрывы в метро в Санкт-Петербурге
Взрывы в метро в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" метро станциясындагы жардыруу болуп, андан 10 киши каза болгон.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча Санкт-Петербург шаарында болгон жардыруудан каза болгондордун жана жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы "Сенная площадь" метро станциясындагы жардыруудан 10 киши каза болуп, андан сырткары, ондогон киши түрдүү жаракаттарды алган. 

"Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматы боюнча каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок", — деп жазылат маалыматта.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган жардыруудан улам Владимир Путинге көңүл айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0