Түп районунундагы "Каркыра" өткөрүү пункту 1-майда ачылат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүОткрытие границы между Киргизией и Казахстаном
Открытие границы между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын кыш келери менен "Каркыра" көзөмөл өткөрүү пункту жабылып, кайра туристтик сезондун башталышы менен иштей баштайт.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Эртең, 1-майдан тарта кыргыз-казак чек арасынын "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө пункту ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат
Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан "Каркыра" көзөмөл өткөрүү пункту эртең мененки 08.00дөн кечки 18.00гө чейин дем алышсыз иштейт.

Кыргыз, казак өкмөттөр арасындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү келишиминин негизинде "Каркырадан" автоунаалар жана эл ары-бери каттайт.

Жыл сайын кыш келери менен кооптуулуктан улам "Каркыра" көзөмөл өткөрүү пункту жабылып, кайра туристтик сезондун башталышы менен иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0