Бишкекте чоң бак киши өткөн жолго кулады

© Sputnik / Данияр СандыбаевСильный ветер в Бишкеке повалил деревья и оборвал электропровода
Сильный ветер в Бишкеке повалил деревья и оборвал электропровода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
50 жылдан ашып калган кара жыгач түндө жааган жамгырга жана шамалга туруштук бере алган эмес.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Борбор калаадагы Токтогул көчөсүндө (Турусбеков менен кесилишинде) кара жыгач кулаганын "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Окуя жекшемби күнү таңкы саат 5:00дөр чамасында болгон. Маалыматка ылайык, бактын тамыры арыктагы сууга желип калган. Кара жыгачка болжол менен 50-60 жыл болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Түндө болгон жаандан жана шамалдан улам Бишкекте башка бактар кулабагандыгын "Зеленстройдон" кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0