"ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстан өзүнүн видеоролигин көрсөткөндүгү тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Эл аралык көргөзмө Астанада 10-июндан тарта 10-сентябрга чейин созулмакчы. Ага 100дөн ашык мамлекет катышууда.
"ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнүн темасы — "Келечектин энергиясы".
ЭКСПО жарманкесинин катышуучулары туруктуу жана коопсуз энергия булагын колдонуу менен көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууну максат кылышкан.
10-июнь күнү Кыргызстандын павильонунда өлкөнүн расмий ролиги көрсөтүлдү.
Анда Кыргызстандын энергетикалык потенциалы баяндалган.
Видеого Улуттук консерваториянын доценти, Salt Peanuts жаз-бэндинин лидери Бакыт Кыдыкбаевдин атайын жазылган чыгармасы колдонулду.