Бүгүн Индия менен Кыргызстандын футболчулары ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн 13-июнда Бангалор шаарынын Sree Kanteerava стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары Бангалор шаарында беттешет. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынан билдиришти.

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
КР курама командасы FIFA рейтингинде төрт тепкичке төмөндөдү
Азия-2019 кубогунун тандоо турунун алкагындагы оюн 13-июнда Sree Kanteerava стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат. Ата мекендик команда ал жакта оюн алдындагы машыгууларын өткөрдү.

Аталган беттеште өлкөнүн курама командасынын капитандык милдетин жарым коргоочу Мирлан Мурзаев аткарат. Себеби капитан Азамат Байматов менен вице-капитан Валерий Кичин алган жаракатына байланыштуу оюнга катыша албайт. Буга чейин кыргызстандык команда өз үйүндө Макао менен ойноп, аны 1:0 эсебинде утуп алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0