Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токталиев: көп кабаттуу үйлөрдөн өрт чыкпашын тилеп отурабыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨКМдин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин күжүрмөн жана атайын даярдык бөлүмүнүн башчысы Ренат Токталиев
ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин күжүрмөн жана атайын даярдык бөлүмүнүн башчысы Ренат Токталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин күжүрмөн жана атайын даярдык бөлүмүнүн башчысы Ренат Токталиев Бишкек шаары боюнча бир гана 50 метрлик шаты бар экенин баса белгиледи.
Токталиев: көп кабаттуу үйлөрдөн өрт чыкпашын тилеп отурабыз

Көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыкса көйгөй жаралат. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин күжүрмөн жана атайын даярдык бөлүмүнүн башчысы Ренат Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча бир эле 50 метрге жете турган шаты бар.

"Көп кабаттуу үйлөрдү өрт чыкпаса экен деп тилеп отурабыз. Анткени 2015-жылы 13 кабаттуу үй күйүп, абдан кыйналганбыз. Бишкек шаары боюнча бир эле 50 метрге жете турган шатыбыз бар", — деди Токталиев.

Ал тик учак алууга мүмкүнчүлүк жок экенин, бирок бийик кабаттуу үйлөрдөгү өрттү өчүрүү үчүн тиешелүү техникалар алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0