Канадалык снайпер согушкерди 3,4 чакырым алыстыктан атып рекорд койду

© AFP / JOHN D MCHUGHКанадалык снайперлер. Архив
Канадалык снайперлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канаданын аскери "Ислам мамлекетинин" согушкерлерин McMillan TAC-50 үлгүсүндөгү снайпер менен 10 секундда окко учурган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Иракта канадалык снайпер согушкерди 3 чакырым 450 метр алыстыктан атып рекорд койду. Бул тууралуу BBC Globe and Mail басылмасына шилтеме берүү менен жазды. 

Селфи палочка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Дубайда эң узун селфи таякча боюнча дүйнөлүк рекорд жаңыланды
Канада бул тууралуу атайын даярдыктагы аскерлерине команда берилгенин тастыктап бирок толук маалымат берүүдөн баш тарткан.

Басылманын билдиргенине караганда аскер кызматкерлеринин экинчи бириккен ыкчам тобу "Ислам мамлекети" (ИМ Кыргызстан аймагында тыюу салынган) уюмунун согушкерлерин McMillan TAC-50 үлгүсүндөгү снайпер менен 10 секундда окко учурган.

Канаданын күч түзүмдөрүнүн бул соккусу "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринин Иракка карай чабуулун токтото алган.

"Снайпер кыйла эле алыс турган, согушкерлер мындай болуп кетерин күткөн эмес. Анын окко учканы видеого түшүп калган", — деп басылмада жазылган.

Буга чейинки рекорд британиялык снайпер Крейг Хариссонго таандык болчу. Ал 2009-жылы 2 чакырым 475 метр алыстыктан "Талибан" уюмунун согушкерин аткан. Анда L115A3 Long Range Rifle снайпери менен 6 секундда атып жок кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0