Башты алмаштыруу: күткөн күн жакындап барат

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Италиялык нейрохирург Сержо Канаверо (Sergio Canavero) 2017-жылдын декабрында адамдын башын алмаштырмакчы. Мындай операция адамзат тарыхында алгач ирет жасалат. Heaven (Асман) деп аталган долбоор аягына чыгып барат.

Башты денеге жамоо операциясына макул болгон Валерий Спиридонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуу Канаверо: мен сындагандарга башты денеге жамоо мүмкүндүгүн далилдедим
Эки жыл мурун Канаверо ири долбоору тууралуу жар салуу менен илимий дүйнөнү дүңгүрөткөн, албетте, сынга да кабылбай койгон жок. Илимпоз жана хирургдар сын көз менен карап шектенишсе да, "Heaven" долбоору миңдеген дарыгерлердин кызыгуусун жаратып, италиялык окумуштууга далайлары кат жолдогон.

Адамдын башын алмаштыруу боюнча алгачкы операция Кытайда жүргүзүлөт. Адистердин тобун кытайлык дарыгер Xiaoping Ren жетектей турган болду. Демилгечи илимпоз ал врачка ассистенттик кылат. Долбоор Кытай өкмөтү тарабынан каржыланып жаткандыктан, бейтап бул өлкөнүн жарандарынан тандалат, ал эми башта россиялык Валерий Спиридоновго операция жасалары жарыяланган эле.

Sputnik Italia бүйүр кызыткан, а бирок, этикалык жактан да тек маанисиз долбоордун алкагында жетишкен жыйынтыктар туурасында Сержо Канаверодон кабар алды.

— Айтыңызчы, "Heaven" долбоору азыр кайсы баскычта?

— Сентярбь айында Техастагы Райс университети менен биргеликте жүргүзүлгөн алгачкы изилдөөлөрүбүздү – "принциптердин тастыкталышы" боюнча Кореяда жарыялаган элек. Изилдөөлөр жүлүнү кесилген чычкандар кыймыл жөндөмүнө кайрадан ээ болорун көрсөттү. Баш алмаштырууда да жүлүн кесилет. Мындай операцияларда полиэтиленгликолдун (ПЭГ) жакшыртылган түрү колдонулат, андан улам операциядан 24 сааттан кийин кесилген жер аркылуу нерв импульстары өтө баштайт. Жүлүнү кесилип, ПЭГ менен калыбына келтирилген ит да операциядан үч жума өткөн соң чуркап кете алды.

Бул алгачкы иликтөөлөр болчу, сынчылар статистикалык маалыматтарыбыздын жетишсиздигин айтып чыгышкан. Алардын пикиринде, нерв импульстары кесилген жер аркылуу өтөрүн го өтөт, бирок, ал жерде жаңы нерв талчалары өсүп чыгабы-жокпу, биз ошону далилдөөгө тийиш элек. Ткань жана клеткаларды изилдөөчү – иммуногистохимия ыкмасы пайдаланган биринчи эмгегигибизди эл сынына январь айында койдук. Бул ыкманы пайдалануу менен кесилген жерде нерв талчалары өсүп чыгарын далилдей алдык.

— Андан кийин кандай кадамдар жасалды?

Снимок с социальной сети Instagram пользователя ochaaca. Самый толстый в мире мальчик 11-летний житель Индонезии Арья Пермана - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң семиз бала арыктады
— Жетишерлик статистикалык маалыматтарды топтоо үчүн кийинки изилдөөлөрүбүзгө көлөмдүү келемиштерди пайдаландык. Жаныбарларды өлтүрбөстөн, талчаларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген диффузиондук МРТ (Diffusion tensor imaging, DTI) ыкмасы колдонулду. Келемиштерди эки топко бөлдүк: биринчи топко операция маалында плацебо (иштеп кетет деген илгери үмүт), экинчисине ПЭГ пайдаланылды. Бир ай өткөн соң экинчи топтогу келемиштерге жан кирди, ал эми биринчи топтогулары кыймылдай алышкан жок. Ушундай эле экспериментти иттерге да жасадык, жыйынтыгы окшош чыкты.

Азыр биз жүлүнү кесилген чычкан, келемиш жана иттер кайрадан өмүр белгилерин көрсөтөрүн так айта алабыз.

— Демек, мындай операция адамга алгач ирет Кытайда жасала турган болду?..

— Ооба, Кытай өкмөтү баш алмаштыруу операциясында врачтардын тобун кытайлык адис жетектешин туура көрдү. Ошондуктан, апрелде бул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, мен кытайлык нейрохирург Xiaoping Ren жана анын тобуна ассистенттик кыларымды жар салдык. Аз калды, октябрда коомчулук укмуш жаңылыктардан кабардар болот.

— Эмнеге өзүн биринчилерден болуп сунуштаган россиялык Валерий Спиридонов алгачкы бейтап боло албайт?

Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом - Sputnik Кыргызстан
Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом
— Россияга болгон кайрылуумдун башкы маңызын козгоп турасыз. Россияда мындай операцияны жасай алчу хирургдар, атайын жабдылган госпиталь, зарыл болгон каражат да бар экендигин баса белгилегим келет. Бирок россиялык бардар, миллиардерлердин өкүлдөрү мени менен байланышканда кайрымдуулук ишине эмес, долбоорго инвестиция салууга кызыкдарлыгын ачык билдиришти. Валерий Спиридоновду сактап кала турган донорду табышууга россиялык инвесторлорду көндүрө аларымдан түңүлгөндүктөн, жалпы россиялыктарга кайрылып турам. Россиянын жараны Валерийдин өмүрүн Россияда жасалган операция гана сактай алат. Кытай албетте, кытайлык жаранды сактагысы келет. Анан да терс психологиялык реакцияларды жаратпоо үчүн ак расадагы Валерийге кытай улутундагы адамдын денесин сала албайбыз.

Россия бийлигине жана калкына Валерий Спиридоновду сактап калуума көмөктөшүүсү үчүн расмий түрдө кайрылам. Москвада россиялык хирургдар тобуна ассистенттик кылууга даярмын. Эгер бийлик буга аралашкысы келбесе, калк жалпылап кол суна алат – Россиянын 145 млн. жаранынан каржылык жардам сурайм. Валерийди сактап калуунун башка жолу жок. Россия калкынан мекендешин сактоосун өтүнөм. Өткөн кылымда улуу нейрохирург Демихов жаныбарлардын башын алмаштыруу боюнча иш баштаган Россия бул операцияны өз жеринде жасап, жаңы доорго башат берсин.

Жаңылыктар түрмөгү
0