Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мухаммет кызы: КРден жаштар менен аксакалдар аралашып бийлеген тойду көрүп таң калдым

© Sputnik / Максат Элебесов Кытайлык кыргыз Таңнуру Мухаммет кызы маек учурунда
Кытайлык кыргыз Таңнуру Мухаммет кызы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык кыргыз Таңнуру Мухаммет кызы Үрүмчүдө өткөн Жибек жолу жаңырыгы" сынагында Рыспай Абдыкадыровдун "Сагынуу" аттуу чыгармасын ырдаган. Ал жактан ийгиликтүү кайтпаса дагы кыргыз коомчулугунун өзгөчө алкоосуна татыды.
Мухаммет кызы: КРден жаштар менен аксакалдар аралашып бийлеген тойду көрүп таң калдым

Ал быйыл Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны аяктаган. Таңнуру Мухаммет кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде эки жактын тойлорундагы айырмачылыктарды айтып берди.

"Бишкектеги тойлорго катышып биринин артынан бири кубалашып тост айткандарды, сөз бербедиң, ырдатпадың деп таарынгандарды көрүп аябай таң калгам. Бизде башында эки жаштын ата-энелери жана жакындары чыгып сүйлөп коёт болду. Андан ары ыр, бий, оюндар менен коштолот. Белгилей кетчү нерсе ал жакта улуу муун менен жаштар аралашып бийлебейт. Аксакалдар эки-үч саат отурат да эт тартылгандан кийин бата кылып кетишет. Анан жаштар өзүнчө калып кеңири ойноп тойду улантышат", — деди Мухаммет кызы.

Ал ошондой эле турмушка узаган кыз башын жерге салып жүрүшү керектигин, элге аралашып бийлеп кетсе үйүнөн чыкканына сүйүнүп жатат деген сөз тарай турганын белгиледи.

Таңнуру Мухаммет кызы менен болгон толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0