Баварияда туристтер түшкөн автобус кырсыктап, 18 киши каза тапты

© REUTERS / News 5Пожарные на месте после столкновения автобуса на автомагистрали недалеко от Мюнхберга
Пожарные на месте после столкновения автобуса на автомагистрали недалеко от Мюнхберга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Германияда кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатат

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Баварияда туристтер түшкөн автобус жүк ташуучу автоунаа менен кагышып, 18 адам каза болду. Бул туурасында BBC жергиликтүү полицияга шилтеме кылып кабарлады.

Столкновение пассажирского автобуса и грузового автомобиля в Татарстане - Sputnik Кыргызстан
Татарстанда ири жол кырсыгы 13 адамдын өмүрүн алып кетти. Окуянын сүрөттөрү
ермания бийлигинин маалыматына караганда, каза тапкандардын арасында "саксониялыктар көп болууда". Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Германияда кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жаткандыгын билдирди.

Жол кырсыгы дүйшөмбү күнү таңда Нюрнбергге кетип бара жаткан кан жолдо болгон. Автобустун ичинде эки айдоочудан башка 46 жүргүнчү болгон. Жүк ташуучу унаа менен кагышып, андан соң күйүп кеткен.

Полиция кырсыктын эмне себептен келип чыккандыгы азырынча белгисиз экендигин айтты. Кийинчерээк, жоголгондордун саны 18ге жеткендигин, өрт кызматынын өкүлү күйгөндөрдүн арасынан тирүү калгандардын болушу күмөн экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0