Японияда күндүн кескин ысышынан 600дөн ашык адам ооруканага түштү

© AFP / KAZUHIRO NOGIЖара в Японии
Жара в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апаптан жабыркагандардын көбү Токио шаарынын тургундары болгон

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Японияда 600дөн ашык адам күндүн катуу ысышынан улам ооруканага түштү. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү NHK телеканалына шилтеме жасап билдирди.

Сильная пыльная буря в Кувейт-Сити - Sputnik Кыргызстан
Кувейтте күндүн ысыгынан асфальт эрип, унаанын дөңгөлөгү батып кеткен
Маалыматка ылайык, кечээ 8-июлда Япониянын аймактарында ысыктан жапа чеккен 608 адам ооруканага жеткирилген. Анын экөө эсине келбей, оор абалда жатканы айтылды.

Апаптан жабыркагандардын көбү Токио шаарынын тургундары болгон. Өлкөнүн борборунда 62 тургун дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Шаарда абанын температурасы +33.7 градуска жетти.

Ал эми Гифу жана Гумма префектураларында ысык 36,5 градуска жана Сайтама, Хоккайдо, Киото, Фукусима шаарларында абанын температурасы +35,5-35,6 градусту чапчыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0