Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаркулов: турак-жайын сел алып кеткендерге чатырлар тигилди

© Фото / пресс-служба МЧС КРУстановка палаток в селе Ничке-Сай
Установка палаток в селе Ничке-Сай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араван районуна караштуу Кичи-Алай айылынын башчысы чатырдан сырткары муктаж болгондорго азык-түлүк таратылганын баса белгиледи.
Айдаркулов: турак-жайын сел алып кеткендерге чатырлар тигилди

Турак-жайын сел алып кеткендерге чатырлар тигилди. Бул тууралуу Араван районуна караштуу Кичи-Алай айылынын башчысы Асылбек Айдаркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, муктаж жарандарга азык-түлүк менен кошо төшөнчөлөр таратылган.

"Селден кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү келип абал менен таанышып, келтирилген чыгымдарды эсептеп кетишти. Мындан сырткары, ӨКМ аскерлери элге жардам берип, турак-жайсыз калгандарга беш чатыр тигилди", — деди Айдаркулов.

Белгилей кетсек апта башында жааган катуу жаандан улам Араван районунда сел жүрүп, бир канча үйдү алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0