Despacito ырын аткарган Толгонай: россиялык продюсерден баш тарттым

© Sputnik / Данияр СандыбаевМолодая певица Толгонай Арзыкеева
Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Despacito ырын аткарып чыгып интернет жылдызына айланган Толгонай Арзыкеева көп кырдуу талант ээси. Жаш экенине карабай ырдоодон сырткары бир нече аспаптарда ойноп, кино, клип, жарнамаларга тартылып келет.
Арзыкеева: Despacito соцтармакка жайылганын көрүп жүрөгүм түшүп калды

Бүгүнкү каарман ачык-айрым сүйлөгөн жөнөкөй кыз болгондуктан маек алуу да жеңил болду. Чыгармачылыктан жеке жашоосуна чейин эски достордой сүйлөшүп отурдук. Маегибиздин башынан аягына чейин студияда тынбай күлкү жаңыргандыктан үн жаздыруучулар аны дүйнөдөгү эң шайыр кыз деп аташты.

— Instagram баракчаңызды барактап отуруп ар тараптуу экениңизди байкадым. Мунун баарына кантип жетишип жүрөсүз?

Кыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды - Sputnik Кыргызстан
Интернетте топ жарган НурЧолпон Бакуда өткөн ири сынакта экинчи орунду багындырды
— Баары эле мени эртеден кечке иш үстүндө чуркап жүрөт деп ойлойт экен. Чынында бош убактым аябай эле көп. Азыр каникул болгонуна байланыштуу эртең менен шашпай туруп, үй жыйнап, түшкү тамакты жасап коюп өзүмдүн иштерим менен чыгып кетем. Күнүгө кечинде эртеңки күн тартипти телефонума жазып, кие турган кийимдеримди да даярдап койгондо гана жүрөгүм ток уктайм. Учурда автордук чыгармамды жаздырып жатабыз.

— Despacito ырын аткаргандан кийин мынчалык популярдуу болуп кетээрин күттүңүз беле?

— Despacito өзүнчө эле эркелеп бийлеп, жылмаюу менен бирөөгө тийишип жаткан сыяктуу ыр экен. Аны менин жактырган адамым аябай жакшы көрчү, ошого арнап жагымдуу угулган жерин аткарып койгом. Видеосун баракчама жүктөп койсом социалдык тармакта катуу талкууланып кетти. Мындай болоорун билгенде сөзүн толук жаттап, жакшылап боенуп чыкмак экенмин деп ойлоп койдум.

— Продюсерлерден сунуш түшкөн жокпу?

— Жакында бир россиялык продюсер кызматташууну сунуштады. Менин боюм кичинекей десем, "сендей кыздарды издеп жүрөбүз" дешти. Бирок азырынча Кыргызстанды эле кыйратып алайынчы деп баш тартып койдум. Казакстандан дагы чакыруулар түшүп жатат. Ал жакка конок катары барып келүү пландарым бар. 

— Соцтармакта сизге карата айтылган терс пикирлерден кантип коргоносуз?

— Мурда менин айланамда жалаң жакшы адамдар бар экен деп ойлочумун. Анткени Despacito ырын аткарганга чейин көңүлдү ооруткан пикирлерди жазышчу эмес. Ырымды бөлүшкөн аккаунттардын ар бирине көз салып турам. Эми астындагы пикирлерди окусаң оозуң ачылат. "Айланайын жөн эле жаза бересиңби?" деп жооп бергим келип кетет. Ошон үчүн да Instagram баракчама жалаң чыгармачылыкка байланыштуу жакшы сүрөт, видеолорду жүктөйм. Жакын досторум эле кошулган дагы бир "жашыруун" баракчам бар ал жакка кыбыр эткенимдин баарын жүктөй берем. 

— Бир күндө социалдык тармактарга канча убакыт бөлөсүз?

Снимок с социальной сети Instagram пользователя sandrabrave_ - Sputnik Кыргызстан
Жайлоодо бийге түшкөн "келин": бийлебешим керек эле...
— Бир жолу соцтармактарга кирбейм деп өзүмө чек койгом. Эми айтпаңыз… бир күндө 24 саат бар экенин ошондо билдим. Убактым кенен болуп, кылаарга иш таппай калдым. Курбуларың бир нерсени кеп калса түшүнбөй отурасың. Бир жумадан кийин кирсем каттар толуп кетиптир, эки күн телефон кармап отургам. Анткен менен соцтармактарды колдонууга мажбур экенбиз да. Менин жумуштарымдын көбү интернет менен байланышкан. Ушул жактан эл менен баарлашып, ой-пикирлерди угуп турам.

— Үнүңүзгө суктанып ырдап бер деп сурангандар көп болсо керек. Кандай жерде болсо деле ырдай бересизби?

— Жер тандабайм аялдамабы же маршруткада болобу айырмасы жок. Чоң апам да "бир жашыңда эле көзүңдү жумуп алып он сегиз жашты ырдай берчүсүң" деп калат. Эгер ыр жакса кытайча ырдаганга да даярмын.

— Чет элдик сынактарга катышайын деген пландарыңыз барбы?

— Жок. Азыр чет өлкөгө чыгууга даяр боло элекмин деп эсептейм. Качан өзүмө толук ишенип калганда анан барам.

— Кандай жанрдагы ырларды аткарасыз?

— Ырдын сөзүнө аябай маани берем жөн эле кайталана берген мотивдер жакпайт. Көбүнчө классика, жаз жанрында ырдайм. Муну чет өлкөдө абдан баалашса, биздикилер эмне эле бакырып жатасың деши мүмкүн. Кичинемден бери Мирбек Атабековду кумир тутуп чоңойдум. Ал менен алгачкы ирет жолукканда "мен сени Торгоюмдан (Нурмат Садыровдун клиби — ред.) көргөм" десе болобу… Мирбек Атабеков мени тааныйт экен деп тим эле жүрөгүм жарылып кете жаздады.

Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Өзгө жердин өнөр дүйнөсүн багынткан кыргызстандыктар
— Музыкалык аспаптарда дагы кол ойнотконуңузду билебиз.

— Мектепте окуп жүргөндө бир курбума жумасына 20 сом төлөп комуз үйрөнгөм. Ал мени даярдап, мугалимдерге алып барып экзамен тапшыртчу. Азыр ошол курбума рахмат айтам. Себиби улуу муундун алдында скрипка жакпай баратса, комуз чертип жиберсең жүзүң жарык болот. Кийинчерээк фортепьяно, флейта үйрөндүм. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевТолгонай буга чейин комедия жанрындагы киного тартылган, келечекте тарыхый тасмаларда рол жаратууну кыялданат
Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Толгонай буга чейин комедия жанрындагы киного тартылган, келечекте тарыхый тасмаларда рол жаратууну кыялданат

— Ага да 20 сом берип үйрөндүңүзбү?

— Жок. Анда чоңоюп калганбыз да, акысыз эле үйрөтүштү.

— Клип, кино атургай жарнамаларга дагы тартылып жүрөсүз. Сыр болбосо гонорарыңыз канча?

— Мени көп акча табат дегендер жаңылышат. Эч убакта акчага берилип өзүмө "ставка" койгон эмесмин. Эгер бой көтөрө берсең "кичине эле кыз экен өзүнчө эмне болуп жатат" дебейби (күлүп). Кээде ыраазычылык үчүн деле катышып берем. Былтыр алгачкы жолу "Кокуй кошуна" аттуу киного катыштым. Анда да интернеттен көрүп эле чакырышкан. Учурда дагы сунуштар түшүп жатат. Негизи мага тарыхый тасмаларда эки бети кызыл, чачтары майда өрүлгөн кыздын "Апа! Коё туруңуз, кетпеңиз!" деген ролун ойногон жагат. Анан да бири-бири менен мушташкан кинолорго тартылгым келет. Эхх… боюм кичине да… Бирок режиссерлор сага шайыр, эрке кыздын ролун аткарган жарашат деп жатпайбы. 

—Жогорку окуу жайга тапшыраарда башка тармакты тандап кетүүңүзгө эмне себеп болду?

— Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепте 11 жыл окугандан кийин Консерваторияга тапшырышым керек болчу. Бирок ойлонсом кайра ошол эле нерсени үйрөнөт экенмин. Анан Улуттук университеттин кыргыз-европа факультетинин бизнес башкаруу адистигине тапшырып салдым. Музыканттар ачык-айрым эмоциясын жашырбаган адамдар болот эмеспи. Окуу жайга барсам баары сүйлөбөй эле кабактарын бүркөп басып жүрүшөт. Аябай таң калдым.

— Үй-бүлөңүз да чыгармачылык адамдарбы?

— Ата-энем ишкерлик менен алектенет. Үйдө беш бир туугандын улуусумун. Алардын бойлору узун мен эле арык, кичине кыз болуп калгам. Бир иним сентябрь айында күрөш боюнча дүйнөлүк мелдешке катышууга камынууда. Сиңдим үй-тиричилигине тың, тамак жасап баарын карайт. Мени "артист" үйдө эч нерсе кылбайт деп ойлоп калбаңыздар. Мен деле үй жумуштарын жакшы билем. Жакшы көрүп жасаган тамактарым лагман менен палоо.

— Мырзалардын кандай сапаттарын баалайсыз?

— Ата-энесинин акчасына ишенип келечегин көрө албаган балдар менин кыялым эмес. Эң биринчи ыйманына карайм. Ыйманы болсо башкаларды сыйлай алат. Сый-урматтын арты менен сүйүү да пайда болот. Анан сөзүнө турган мырзаларга өзгөчө баа берем.

— Ошондой мырзаны жолуктурган окшойсуз?..

— Ошентсек да туура болот го. Ал мени ар тараптан колдоп чыгармачылыгымды түшүнөт. Ушундай жигитке жолукканыма кудайга шүгүр дейм.

— Ал эмне менен алектенет?

— Учурда ал Россиянын Самара шаарындагы аскер окуу жайында окуп жүрөт. Бишкекке жылына эки жолу каникулда келип турат.

— Канча убакыттан бери мамиле куруп жүрөсүздөр?

— Ммм… Көп жыл болду…

— Башында Despacito ырын жакын адамыма арнап эле аткаргам дедиңиз. Балким ушул мырзага арналган чыгар…

— Туура түшүнүпсүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0