Япониядагы аптап адам өмүрүн алып, миңдеген адамдарды төшөккө жыгууда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТокио шаарынын тургундары. Архив
Токио шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аптаптан азап чеккендердин жарымына жакыны 65 жаштан ашкан адамдар экени айтылды

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Японияда күндүн ысыгын көтөрө албай бир аптада алты адам көз жуумп, жети миңден ашуун киши ооруканага түшүп калды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Сильная пыльная буря в Кувейт-Сити - Sputnik Кыргызстан
Кувейтте күндүн ысыгынан асфальт эрип, унаанын дөңгөлөгү батып кеткен
Бул адаттагыдан 1,8 эсе жогору көрүнүш. Ооруканага жеткирилгендердин айрымдары бир нече жумага калтырылса, 2,5 миң киши бир нече күнгө жаткырылган.

Аптаптан азап чеккендердин жарымына жакыны 65 жаштан ашкан адамдар экени айтылды.

Өткөн аптада Япония боюнча ысык 35 градуска жетип, күн чыгыш өлкөсүнүн жарандары бир топ жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0