Өзгөн: өрттөнгөн базардын өксүгөн соодагерлери. Видео

Жазылуу
Өзгөндүн борбордук базарында таңда тутанган өрт жетти сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү. Бул учурда жүздөгөн сатуучулар жалындаган аймакты көрүп, тыбырап, тызылдап чуркап жүрүштү.

Өзгөн шаарынын жашоочусу 57 жаштагы Умсунай Бубажанова 25 жылдан бери аталган базарда сатуучулук менен алектенип, тапкан кирешеси менен үй-бүлөсүн багып келген. Эки кыз, бир уулдун энеси. Өрткө 150 миң сомун жалматыптыр.

Өзгөндүн борбордук базарында таңда тутанган өрттүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн базарынын соодагери: өрттөн кийин алты футболкамды кармап кала бердим
"Базардан башка кирешебиз жок. Таңкы саат жетиде туугандарым "базар өрттөнүп жатат экен" деп телефон чалышты. Эркектердин кийимин саткан бир контейнерим менен кошо дагы бир соода жайым бар эле. Кышкы кийимдерди салган сандыгым кыпкызыл чок болуп жанына киши жологус абалда экен. Базардагылар алты даана футболка алып чыкканга жетишиптир. Ошентип тилсиз жоодон ошол алтоону кармап кала бердим", — деди ал.

Ош облустук Өрткө каршы кызматынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Музаффар Жороевдин айтымында, 226 контейнер өрттөнгөн. Мындан сырткары, бут кийим сатуучу үстү жабылган соода жайы жана эки кабаттуу ашкананын имараты күйгөн

Ал эми Өзгөн шаарынын вице-мэри Мухаммед Макешов Өзгөн базары он эки ишкерге таандык экенин билдирди.

"Соода түйүндөрү жеке менчик болгондуктан өрттөн кийин сооданы токтотобу же улантабы ал ишкерлердин өз укугу", — деди Макешов.

Учурда өрттөнгөн контейнерлерден башка аман калган соода түйүндөрү иштеп, соода-сатык уланууда. Күлгө айланган базардын ичин сатуучулар ашар жолу менен тазалап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0