Ысык-Көлдө Audi унаасынын багы жарылып, айдоочу күйүп калды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка болгарканы колдонууда коопсуздук техникаларынын сакталбаганы себеп болгону айтылды

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарында Audi унаасынын май куюучу багы жарылып кетип, айдоочусу жаракат алгандыгы тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык унаа тетиктерин саткан базарда болгон. Ага болгарканы колдонууда коопсуздук техникаларынын сакталбаганы себеп болгону айтылды.

Айдоочу 3-4-даражадагы күйүк жаракатын алып, Балыкчынын шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0