Өзбекстан Ошко 630 орундук мектеп куруп берет

© Sputnik / Антон Уницын / Медиабанкка өтүүШкола с кадетскими классами под патронажем МЧС России
Школа с кадетскими классами под патронажем МЧС России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттөр аралык тийиштүү келишимге КР Билим берүү министри менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси кол койду

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өзбекстан Ошко жалпы билим берүүчү мектеп курат. Мындай аракеттер өкмөттөр аралык келишимге ылайык ишке ашууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Абдыкеримов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абдыкеримов: жаңы конуштарга үч мектеп салынып жатат
Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү мектеби 630 орунга ылайыкталган жана өзбек тарап аны кайтарымсыз негизде куруп берет.

Бул долбоордун ишке ашышы менен эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилесин мындан дагы тереңдетип, маданий-гуманитардык жактан өнүгүүгө шарт түзөрү маалыматта айтылат.

2016-жылдын октябрынан тарта Өзбекстан менен Кыргызстандын достук мамилеси жакшы жолго коюла баштап, чек ара аймактарында соода жана маданий байланыштар жанданган.

Былтыр декабрь айында КР президенти Алмазбек Атамбаев Самаркандда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0