Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 3-августта Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда 32…37 градус ысык болсо, Таласта 29…34 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 32…37 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 26…31, Нарында 27…32 градус ысык болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында абанын температурасы 35…37 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0