Милиция унаасында отуруп айдоочунун телефонун жулуп алган кишинин иши текшерүүдө

Жазылуу
Кайгуул милициясынын унаасында формасыз отурган киши айдоочу камерага тарта баштаганда телефонун колунан тартып алган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын унаасында отурган киши өзү токтоткон айдоочунун телефонун колунан жулуп алган. Окуянын видеосу Facebook тармагындагы группалардын бирине жүктөлгөн.

Тасмадан айдоочунун Кайгуул милициясынын 053 номерлүү унаасына келгенин көрүүгө болот. Ал арткы отургучта отурган киши эмне себептен формасыз экенине кызыккан.

— Формаңыз кайда?
— Кайсы форма? Жок форма!
— Документиңиз барбы?
— Сага документтин эмне кереги бар?
— Сиздин кызматкер экениңизди (Кайгуул милициясы. — Ред.) мен кайдан билмек элем?
— Мен кызматкер эмесмин.
— Анда эмнеге документтеримди сурап жатасыз?
— Мен билбейм, документтериңди көрсөт деп тигил сурабадыбы.

Кыска диалогдон кийин Кайгуул милициясынын унаасында отурган киши уюлдук аппаратты айдоочунун колунан жулуп алган.

"Мени токтоткон адам документин көрсөтүүдөн баш тартты. Документтеримди алып, кайра бергиси жок. Камераны көргөндө Кайгуул милициясынын кызматкери эмес экенин айта баштады", — деп интернет колдонуучу жазган.

Бишкек шаардык Кайгуул милициясы окуя тууралуу маалымат берилгенин жана Өздүк коопсуздук кызматы тергөө иштерин баштаганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0