БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Токиодогу Шинагава метросу киши эң көп болгон станциялардын катарын толуктайт. @sigeyosiinoue аттуу колдонуучу өзүнүн Twitter баракчасына метродогу киши эң көп болгон учурду видеого тартып, жарыялаган.
品川駅(港南口)のなんでもない平日朝の様子を撮ったので、ここに置いておきます pic.twitter.com/pk7AFAzW3J
— ななし (@sigeyosiinoue) 29 июля 2017 г.
Видеодо метронун ичинен кишилердин селдей агылып ары бери кетип жатканын көрүүгө болот. Sora News порталы аталган видеону "жумушчулар дарыясы" деп атады. Ал эми айрым колдонуучулар бул көрүнүштү кумурсканын уюгуна салыштырышты.
Ал эми Mashable порталы видеону "өзүнө арбап алган күчкө ээ экен, көзүңдү албай карай бересиң" деп сыпаттады.