Тоолуктардын ден соолугун Швейцариядан келген адистер текшерип жатат

© Фото / Нурзада МукашеваПроверка здоровья жителей Ат-Башинского района
Проверка здоровья жителей Ат-Башинского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Швейцариянын дарыгерлери 15 жылдан бери тоолук жарандардын ден соолугун көзөмөлдөп келишет.

НАРЫН, 2-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө Кыргызстандын жана Швейцариянын дарыгерлеринен турган топ элдин ден соолугун текшерип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Миррахимов атындагы улуттук кардиология терапия борборунун өпкө оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Талант Сооронбаевдин айтымында, тоолуктардын ден соолугун текшерүү үчүн Швейцариядан Кыргызстанда жок медициналык аппараттар алып келинген. Ал ошондой эле дарыгерлердин тобу кардиолог, гинеколог, хирургдан түзүлгөнүн кошумчалап, көчмө медицина борбору толук жардам берүүгө даярданып келгенин баса белгиледи.

© Фото / Нурзада МукашеваНарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө Кыргызстандын жана Швейцариянын дарыгерлеринен турган топ элдин ден соолугун текшерип жатат
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө Кыргызстандын жана Швейцариянын дарыгерлеринен турган топ элдин ден соолугун текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө Кыргызстандын жана Швейцариянын дарыгерлеринен турган топ элдин ден соолугун текшерип жатат
© Фото / Нурзада МукашеваМирохимов атындагы улуттук кардиология терапия борборунун өпкө оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Талант Сооронбаевдин айтымында, тоолуктардын ден соолугун текшерүү үчүн Швейцариядан Кыргызстанда жок медициналык аппараттар алып келинген.
Мирохимов атындагы улуттук кардиология терапия борборунун өпкө оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Талант Сооронбаевдин айтымында, тоолуктардын ден соолугун текшерүү үчүн Швейцариядан Кыргызстанда жок медициналык аппараттар алып келинген. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Мирохимов атындагы улуттук кардиология терапия борборунун өпкө оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Талант Сооронбаевдин айтымында, тоолуктардын ден соолугун текшерүү үчүн Швейцариядан Кыргызстанда жок медициналык аппараттар алып келинген.
© Фото / Нурзада МукашеваАл ошондой эле дарыгерлердин тобу кардиолог, гинеколог, хирургдан түзүлгөнүн кошумчалап, көчмө медицина борбору толук жардам берүүгө даярданып келгенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле дарыгерлердин тобу кардиолог, гинеколог, хирургдан түзүлгөнүн кошумчалап, көчмө медицина борбору толук жардам берүүгө даярданып келгенин баса белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ал ошондой эле дарыгерлердин тобу кардиолог, гинеколог, хирургдан түзүлгөнүн кошумчалап, көчмө медицина борбору толук жардам берүүгө даярданып келгенин баса белгиледи.
© Фото / Нурзада МукашеваДарыгерлер инсульт, жүрөк, кантамыр, өпкө ооруларын аныктап жатышат
Дарыгерлер инсульт, жүрөк, кантамыр, өпкө ооруларын аныктап жатышат - Sputnik Кыргызстан
4/4
Дарыгерлер инсульт, жүрөк, кантамыр, өпкө ооруларын аныктап жатышат
1/4
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө Кыргызстандын жана Швейцариянын дарыгерлеринен турган топ элдин ден соолугун текшерип жатат
2/4
Мирохимов атындагы улуттук кардиология терапия борборунун өпкө оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Талант Сооронбаевдин айтымында, тоолуктардын ден соолугун текшерүү үчүн Швейцариядан Кыргызстанда жок медициналык аппараттар алып келинген.
3/4
Ал ошондой эле дарыгерлердин тобу кардиолог, гинеколог, хирургдан түзүлгөнүн кошумчалап, көчмө медицина борбору толук жардам берүүгө даярданып келгенин баса белгиледи.
4/4
Дарыгерлер инсульт, жүрөк, кантамыр, өпкө ооруларын аныктап жатышат

"Дарыгерлер инсульт, жүрөк, кантамыр, өпкө ооруларын аныктап жатышат. Үч күн ичинде текшерилген жарандардын 90 пайызында түрдүү дарттар бар экени аныкталды. Дарыгерлерге көрүнгүсү келгендер Ат-Башы районунун айылдарынан барып текшерилип жатышат. Текшерүү бекер түрдө 30 күн бою жүрөт", — деди Сооронбаев.

Швейцариянын Өпкө оорулар улуттук госпиталынын жетекчиси Конрад Блох тоолуу аймактын жашоочулары үчүн шарт түзүлбөгөнүн, тургундар тамекини көп чегерин белгиледи. Андан сырткары, тамак-аш ачык жерде даярдалгандыктан түтүнгө ууланарын айтты.

Реаномобиль для областной больницы Таласа - Sputnik Кыргызстан
Облус жетекчисинин досу Таластын ооруканасына Тез жардам машинасын белек кылды
Кыргызстан менен Швейцариянын дарыгерлери 15 жылдан бери тоолук жарандардын ден соолугун көзөмөлдөп келишет.

Ак-Сайда 106 үй-бүлө туруктуу жашайт. Советтер союзу маалында малчылар үчүн маданий борбор уюштурулуп, 25 орундуу чакан оорукана, клуб, дүкөн иштеп, жылуулук берилип келген. Учурда ал имараттар талкаланып авариялык абалда турат. Ак-Сай деңиз деңгээлинен 3000-3600 метр бийиктикте жайгашкан.

Дарыгерлер жана алардын жабдуулары үчүн 5 боз үй тигилген жана эски оорукананын имаратына дагы адистер жайгаштырылган. Жардам берип жаткан чет элдик дарыгерлерге Аксайдын тургундары ыраазычылык билдиришип, топтун башчысына ат мингизип, чапан жабышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0