Чүй облусундагы жол кырсык 16 жашар баланын өмүрүн алып, 12 кишини жабыркатты

Жазылуу
Трассадан үч унаа кагышкан

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунда катталган жол кырсыктан өспүрүм каза тапканын аймактык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Авария 2-августта, саат 8.00дөр чамасында Москва районуна караштуу Петровка айылында катталган.

Маалыматка караганда, Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып Lexus RS 330 унаасы менен бет маңдай кагышкан. Ал эми Lexus машинасынын артынан келе жаткан Mercedes Benz унаасынын айдоочусу убагында рулду бурууга жетишпей, Lexus автосун артынан сүзгөн.

"Натыйжада Mercedes унаасынын айдоочусунун 16 жаштагы баласы мүрт кеткен. Дагы 12 адам түрдүү жаракаттарды алган. Алардын экөө өспүрүмдөр. Сегизи амбулатордук жардам алышты", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жол кырсыктан жабыркагандарга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керектигин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0