ОИИБ: Көлдөгү жол кырсыктардын көбүнө эс алуучулар себепкер

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтотрасса Бишкек — Иссык-Куль
Автотрасса Бишкек — Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай башталгандан бери Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 22 адам каза тапкан

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көл аймагында катталган жол кырсыктарга көп учурда эс алуучулар себепкер. Бул туурасында ИИМдин аталган аймак боюнча Кайгуул милиция бөлүмүнүн башчысы Азамат Исраилов билдирди.

1-июндан 31-июлга чейин бул дубанда 11 жол кырсыгы болуп, анып кесепетинен 22 киши мерт болгон. Набыт кеткендердин төртөө — жаш балдар. Бул бул мезгил аралыгында жол кырсыгынан 20 адам көз жумган.

"Жол кырсыктардын 60 пайызына эс алуу үчүн башка жактан келген айдоочулар күнөөлүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Исраилов көлдөгү кырсыктар көбүнчө катуу айдагандан, каршы тилкеге чыга калгандыктан, уктап кеткенден улам болорун белгиледи.

Быйылкы жылы катталган жол кырсыктарынын көбү дал ушул Ысык-Көл облусуна туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0