БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Apple компаниясы iPhone X жаңы смартфонун коомчулукка алып чыкканда анын адамдын жүзүн таануучу функциясы иштебей калганын The Verge порталы жазып чыкты.
Жаңы флагман телефон ээсинин жүзүн таануучу Face ID функциясы менен жабдылган.
Бул технологиянын артыкчылыктары жөнүндө компаниянын вице-президенти Крейг Федерини айтып берип жаткан. Ал Face ID кызматынын өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө аракет жасаганда, жүз таануу датчиги иштебей койгон.
"iPhone X аппаратын оңой эле блоктон чыгарып койсо болот. Ал үчүн болгону телефонду тиктеп коюу керек", — деген Федеринини смартфон тааныбай койду.
"Дагы бир ирет аракет кылып көрөлү… Ого-го-го… башка девайска өтөлү", — деген вице-президент столдо турган башка аппаратты алганда ал заматта иштеп кеткен.
Конференцияда iPhone X аппаратынан сырткары, iPhone 8, iPhone 8 Plus смартфондору жана Apple Watch акылдуу кол сааттары дагы көрсөтүлгөн.