Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаева: кыргыз тилине байланыштуу иш-чараларды өткөрө бермекчибиз

© © SputnikРуководитель городской библиотеки Балыкчи Айгул Сарыбаева
Руководитель городской библиотеки Балыкчи Айгул Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта өлкө аймагында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өтүүдө
Сарыбаева: кыргыз тилине байланыштуу иш-чараларды өткөрө бермекчибиз

Балыкчы шаарында мындан ары да кыргыз тилине байланыштуу салтанаттар өтө бермекчи. Бул тууралуу шаардык китепкананын жетекчиси Айгүл Сарыбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Ушу тапта өлкө аймагында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өтүүдө.

"Кыргыз тилинде таза сүйлөө, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, тарбия берүү, китепке тартуу максатында китепканада бир топ иштер жасалууда. Иш-чара улуттук оюндар менен коштолуп, балдар жаңылмач айтуу, көркөм окуу, макал-лакап айтуу боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты", — деди Сарыбаева.

Эскерте кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүн белгилөө боюнча чечим кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0