Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султамбаев: Ашхабаддагы мелдеште спортчулардын калган жарымы намысты коргойт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик спортчулар Азия оюндарынан 28-сентябрда кайтып келишет
Султамбаев: Ашхабаддагы мелдеште спортчулардын калган жарымы намысты коргойт

Түркмөнстандагы жабык имараттагы V Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар самбо, кикбокс, шахмат, сууда сүзүү жана күрөштүн түрлөрү боюнча ат салышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Жабык имараттагы V Азия оюндары Ашхабад шаарында 17-сентябрда башталган.

"Кыргызстандын курама командасы 41 медалга ээ болуп, учурда жалпы командалык эсепте 10-орундабыз. Азыркы маалда балбандардын көбү өздөрүнүн дисциплинасы боюнча ат салышууда. Эми болсо самбо, кикбокс, шахмат, сууда сүзүү жана күрөштүн түрлөрү боюнча 28-сентябрга чейин күч сынашат", — деди Султамбаев.

Ошондой эле ал ата мекендик спортчулар 28-сентябрда Кыргызстанга учуп келээрин кошумчалады.

Жабык имараттагы Азия оюндары — Азиянын олимпиадалык кеңешинин колдоосу астында өткөрүлүүчү таймаш. Ага Кыргызстандан спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0