Ысык-Көлдүн эл аралык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдору оңдолот

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду төрт жыл ичинде ишке ашыруу пландалууда

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун эл аралык жана жергиликтүү маанидеги бир катар жолдору оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ремонт дороги на участке улицы Гагарина в жилом массиве Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Зымырап жүрүп калабыз. Калаада жасалып жаткан жолдордун картасы
Билдирүүгө ылайык, учурда аталган министрлик 2018-2022-жылдар аралыгында аткара турган долбоорун иштеп чыгууда. Анын алкагында Түп — Кеген автоунаа жолу толугу менен бүтүрүлүп, "Хан-Теңир", "Жеңиш" чокуларына, "Каракол" паркы менен аэропортуна кеткен 30 чакырымдай жол оңдолот.

Андан сырткары, Ысык-Көл, Каракол эл аралык аэропортторунун инфраструктурасын жакшыртуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0