Жолдо жок болгон үй-бүлө, тойдо кызынан айрылган ата-эне. Сентябрдагы кырсыктар

© Sputnik / Зульфия Тургунова17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып, андан 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болгон
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып, андан 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктары 521 кишинин өмүрүн алып кетти

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги айдоочулар менен жарандарга эскертүү максатында сентябрь айындагы кандуу жол кырсыктарын тизмектеди.

Бул айда үрөй учурган жол кырсыктардын катарына тирүүлөй күйүп кеткен төрт кишини, эки окуучуну жана той күнү каза болгон тогуз жашар кызды кошууга болот.

Генерал аман калып, бир киши менен өспүрүм каза болду

© Фото / Таалайбек Ашыров2-сентябарда генерал Абдыгул Чотбаев катышкан жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жабыркаган
ДТП с участием внедорожника, в котором находился генерал Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан
2-сентябарда генерал Абдыгул Чотбаев катышкан жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жабыркаган

2-сентябрда генерал Абдыгул Чотбаев катышкан жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жабыркаган. Генералдын Toyota Land Cruiser автоунаасы Mazda машинасы менен кагышкан.

4-сентябрда Суусамыр өрөөнүндө Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки такси баратып, бирөө бузулуп калган. Анын ичиндеги аял менен кыз сыртка чыгалы деп эшикти ачканда катуу ылдамдыкта келе жаткан белгисиз автоунаа коюп кеткен. Жүргүнчүлөр жеринен каза болуп, жол кырсыгынын күнөөкөрү изин жашырып кеткен. Ал дагы деле изделүүдө.

Тирүүлөй күйүп кетишти

ДТП с участием скорой помощи  на въезде в Чолпон-Ату - Sputnik Кыргызстан
Тез жардамды сүзгөн Mercedes автосун 23 жаштагы мас кыз айдап бара жаткан
8-сентябрда таңга жуук Балыкчы — Каракол унаа жолунун 112-чакырымында Lexus RX300 унаасы жолдон чыгып, оодарылып, андан соң күйүп кеткен. Анын ичиндеги төрт киши каза болгон. Ысык-Көл ИИББдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын эки тургуну Балыкчыдагы досторуна конокко барган. Андан кийин Түп районуна барып, кайтып келе жатканда жол кырсыгына кабылган. Кырсык болгон жерден эки кап кара куурай табылган. 

Кадамжайда бир үй-бүлө жолдон ажал тапты

10-сентябрда Кадамжай районунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бараткан Daewoo Matiz жеңил автоунаасы менен Mercedes Benz үлгүсүндөгү микроавтубус кагышкан. Анын кесепетинен 44, 43 жаштагы жубайлар жана алардын 15 жана бир жаштагы балдары каза болгон. Ал эми алардын 13 жаштагы дагы бир баласы оор жаракат алып райондук ооруканага жеткирилген.

Дал ушул күнү Ош — Бишкек унаа жолунун 657-чакырымында үч автоунаа кагышып, анын кесепетинен бир аял каза болуп, тогуз жүргүнчү жаракат алган. Маалыматка ылайык, Honda Accord, Mercedes-Benz жана Opel үлгүсүндөгү үч унаанын айдоочулары Кара-Cуу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз Чек айылында бири-биринен озуп өтүүгө аракет кылышкан.

Маршрутканын жол тандабас менен кагышуусунан кийинки абал. 10 киши ооруканада - Sputnik Кыргызстан
Маршрутканын жол тандабас менен кагышуусунан кийинки абал. 7 киши ооруканада
10-сентябрда каргашалуу окуя Чүй облусунун Жайыл районунда дагы катталып, Honda Fit менен Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын кагышуусунан жеңил автоунаадагы үч киши жан берген.

Рулду башкара албай сайга түшүп кеткен

11-сентябрда Бишкек — Ош жолунун 267-чакырымында Volkswagen Golf 2 машинасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен эки киши каза болуп, айдоочу жабыркаган.

Жалал-Абаддагы алты адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы

14-сентябрда Ноокен районунун Достук айыл аймагында саат 22:00дөр чамасында Audi үлгүсүндөгү эки унаа жана Hyundai Porter кагышкан. Анын кесепетинен Audi унаасындагы алты адам каза болгон. Алардын бешөө кырсык болгон жерден, бирөө ооруканада көз жумган.

Улуу кызын турмушка узатып, кичүү кызынан айрылды

© Sputnik / Зульфия Тургунова17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып, андан 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болгон
ДТП с 17-летним парнем за рулем в Чон-Алайском р-не  - Sputnik Кыргызстан
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып, андан 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болгон

17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып, андан 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болгон. Милициянын берген маалыматына ылайык, унааны 17 жаштагы бала айдап бараткан. Ичинде ар кыл курактагы окуучу кыздар болгон. Айдоочу рулду башкара албай машина жолдон чыгып, оодарылып калган. Кийин маалым болгондой каза болгон 9 жаштагы кыздын эжеси дал ушул күнү турмушка узап жаткан. Ошентип улуу кызын турмушка берген ата-эне кичүү кызынан ажырап калды.

Тогуз жашар кыз ата-энесин боздотту

20-сентябрда Таласта жайлоого бара жаткан ГАЗ-53 автоунаасы оодарылып калган. Рулда үй-бүлөсү менен бараткан 53 жаштагы үй ээси отурган. Кырсыктан унаанын артында отурган 9 жаштагы кыз көз жумган. 

© Фото / пресс-служба МЧС КР28-сентябрда Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен "ВАЗ-2199" (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан
ДТП на трассе Бишкек — Ош  - Sputnik Кыргызстан
28-сентябрда Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен "ВАЗ-2199" (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан

28-сентябрда Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен "ВАЗ-2199" (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын айынан "Лада-Самара" унаасындагы эки адам, Honda Fit автосундагы бир адам каза болуп, беш адам жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0