Жаштар аллеясындагы көз айнек кантип сынып жатканы видеого түшүп калган

Жазылуу
Мэрия менен Улуттук университеттин ортосундагы аллеяга коюлган арт-инсталляция төрт жолу оңдолду

Коюлган көз айнектин айнектри өзү эле түшүп калышы мүмкүндүгүн Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Анын айнектерин биринчи жолу 19-сентябрда сындырып кетишкен. Мындай аракет социалдык тармакта чоң талкуу жараткан. Кийин 22-сентябрда жана 30-сентябрда аны белгисиз кишилер кайрадан бүлдүрүп кетишкен.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери менен муниципалдык кызматтын өкүлдөрү барып, айнек эскилиги жеткенден улам түшүп калып жатканын аныкташкан. Видеодо анын өзүнөн-өзү кулаганы көрүнүп турат. Вандализм болгон эмес", — деп ШИИБден билдиришти.

Аталган арт-инсталляция 2016-жылы июль айынын аягында коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0