Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубанычбек уулу: бийик така, тар кийим көп кийүү да варикозго алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековФлеболог Нурмат Кубанычбек уулу маек учурунда
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Варикоз илдетине көбүнчө аялдар кабылат экен.
Кубанычбек уулу: бийик така, тар кийим көп кийүү да варикозго алып келет

Бийик така, тар кийим жана бутту кайчылаштырып отуруу да варикозду пайда кылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине флеболог Нурмат Кубанычбек уулу билдирди.

Анын айтымында, жумушта кечке отуруп иштегендер бутка ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап турушу керек.

"Жумушта дайыма отуруп иштесеңер сөзсүз бутка ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап турганыңыз оң. Мисалы, буттун учуна туруп, тизени ушалап, ошондой эле бутту кечке кайчылаштырып отургандан оолак болуңуз. Ал эми кыздар бутту кыскан бийик така менен көп баспай, тар кийимдерди аз кийиши керек ", — деди дарыгер.

Ал ошондой эле аялдардын варикозго көп кабылышынын бирден-бир себеби кош бойлуулук экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0