Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрүндө суу болбойт

© AFP / FRED TANNEAUСуу агып жаткан кран. Архив
Суу агып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Белинский" суу кампасында оңдоо иштери жүргөндүктөн эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Эртең, 17-октябрда, Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу токтотуларын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ущелье Шамси Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбүгө карата аба ырайы
"Бишкексууканал" башкармалыгы билдиргендей, "Белинский" суу кампасында оңдоо иштери жүргөндүктөн эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт.

Андыктан Калык Акиев, Күреңкеев, Панфилов, Абдрахманов, Абдымомунов, Логвиненко көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен Чүй проспектисинин кесилишкен аймагында таза суу болбойт.

"Бишкексууканал" башкармалыгы элди алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0