Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: мумия эмне үчүн 60 жылдан бери изилденбей турган

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жерге берилген мумияны буга чейин 500 миң долларга өлкөдөн чыгарып кетебиз дегендер болгонун айтты
Момбеков: мумия эмне үчүн 60 жылдан бери изилденбей турган

Мумия 60 жылдан бери изилденбей эле тургандыгын КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эске салсак, өткөн жуманын аягында 1960-жылдардан бери борбордук тарых музейинде сакталып келген аял кишинин мумиясы Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге көмүлгөн.

"Мумия боюнча маселе коомчулукка тарап кетти. Бул жерде иттин өлүгү бар. Эмне үчүн 60 жыл окумуштуулар ачылыш кылып, изилдеген эмес? Анан ал чирип, жок болуп жатканда жерге беришти да. Ошондо гана ызы-чуу салып чыгышты. Мумияны буга чейин 500 миң долларга чет өлкөгө алып чыгып кетебиз дегендер болгон. Иттин өлүгү ушул жерде жатат", — деди Момбеков.

Ал аталган мумия боюнча эч кандай маалымат жок экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0