Бишкекте Азия чемпионатына катышуу үчүн беш өлкөнүн оюнчулары беттешет

Жазылуу
Таймаштар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда 31-октябрдан 9-ноябрга чейин өтөт

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте беш өлкөнүн футболчуларынын катышуусунда Азия чемпионатынын тандоо оюндары өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алкачкы беттеш 31-октябрда башталып жалпы он оюн өткөрүлөт. Анда Оман, Бахрейн, Непал, Бириккен Араб эмирлиги жана Кыргызстандын улуттук курама командалары оюн талаасында кездешмекчи.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда 9-ноябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0