Сириядан Кыргызстанда терактыларды жасоо үчүн жиберилген киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНарушивший закон мужчина в наручниках
Нарушивший закон мужчина в наручниках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилип, териштирүү амалдары жүрүүдө

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда бир катар террордук аракеттерди ишке ашырууну пландаган 31 жаштагы КР жаранын кармады.

Маалыматка ылайык, ал Жалал-Абад облусунун тургуну. 2015-жылдан тарта Сириядагы эл аралык террордук уюмдун бандиттик түзүмдөрүнүн мүчөсү болуп жүрүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлерге каршы согуш аракеттерине катышкан.

"Кармалган жаран Кыргызстанга эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, териштирүү амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0