Ат-Башы: 11 жашар кызды үч жылдан бери зордуктап жүргөн делип 36 жаштагы киши кармалды

Жазылуу
Учурда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүүдө

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы айылында тестиер кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук боюнча эки учур катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы Ат-Башы районунун координациялык кеңешине шилтеме берүү менен билдирди.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө кошуна аялды зордуктап, күйөөсүн сабап салган деп милиционер кармалды
Маалыматка караганда, 11 жаштагы кызды 8 жашынан бери зордуктап жүргөн деген шек менен 36 жаштагы киши кармалган. Ошондой эле Ача-Кайыңды айылынан 58 жаштагы киши мектепке чейинки даярдык классына барган кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0