ЖК Казакстандын 100 млн. доллар жардамынан баш тартууну биринчи окууда колдоду

© REUTERS / Toru Hanai / File PhotoАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мыйзам долбоорун ЖКнын тармактык комитети колдоп берген

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстандын жардам катары бере турган 100 миллион доллар каражатынан баш тартууну биринчи окууда колдоду.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга макул болуп 108 депутат добуш берди.

Очередное заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Армения соода-экономикалык жаатта кызматташууну илгерлетет
Эскерте кетсек, 20-октябрда кыргыз өкмөтү Казакстандын ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу үчүн бере турган 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында каралып, анда сүйлөгөн вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Казакстан аталган жардамды 10 жылдан бери беребиз деп келгенин, бирок ушул убакка чейин аракет ишке ашпай келе жатканын айткан. Ал өз сөзүндө 18 лаборатория бюджеттик каражаттан курулганын белгилеген.

Мыйзам долбоорун тармактагы комитет колдоп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0