Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекешев: добуш сатуу кадимки көрүнүшкө айланды

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев
Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев добуш сатууга чекит коюу учур талабы болуп калганын айтты
Бекешев: добуш сатуу кадимки көрүнүшкө айланды

Кыргызстанда шайлоо учурунда добуш сатуу кадимки көрүнүшкө айлангандыгын депутат Дастан Бекешев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоо таза өткөндүгү менен добуш сатуулар болду.

"Добуш сатуу кадимки көрүнүш болуп калды. Бул өтө жаман. Добуш сатуулар менен күрөшүү үчүн экономикалык абалды көтөрүү керек. Мындан сырткары, айрым талапкерлер шайлоочулардын паспорттогу өздүк маалыматтарын чогултушту. Буга тыюу салбасак болбойт", — деди Бекешов.

Эске сала кетсек, өлкөдө 15-октябрь күнү президенттик шайлоо өтүп, анда Сооронбай Жээнбеков алдыга озуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0