"Зың-зың" ырынын автору эмнеден көз жумганы белгилүү болду

© AP Photo / Rajesh Kumar SinghРаспоространение туберкулеза в Индии
Распоространение туберкулеза в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуримов ооруканага оор абалда түшкөн, мындан улам аны бир сутканын ичинде өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калган

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Зың-зың" ырынын автору Болат Нуримов кургак учуктан каза тапканын Tengrinews.kz агенттиги Шымкент облустук кургак учукка каршы диспансеринин башкы дарыгери Болатхан Сагимбековго шилтеме берип билдирди. 

Дарыгердин айтымында, Нуримов алгач Алматыдагы жеке клиникага кайрылган.

"Ал кургак учук менен оорушу мүмкүн делип жашаган жери боюнча Шымкентке жөнөтүлгөн. Бул жакка келип, бирок эмнегедир Ташкентке кетип калды. 23-октябрда көп профилдүү ооруканага оор абалда келип түшкөн. Кийин бизге которулду. Анализин алганыбызда кургак учук менен жабыркай турганын аныктадык. Абдан оор абалда эле. Бир сутканын ичинде өмүрүн сактап калуу мүмкүн эмес болуп калды. Температурасы 40ка көтөрүлүп, жөтөлүп жатты. 20 килограммга арыктап кеткен", — деди дарыгер.

Ал ошондой эле июль айынан сентябрга чейин Нуримов Шымкент менен Ташкенттин жеке клиникаларына көрүнүп жүргөнүн билдирди. Казакстандагы эң ири жеке клиникага дагы кайрылган. Бирок кургак учукка кабылганы ооруканага түшкөн күнү гана белгилүү болгон.

"Эгер бул диагноз башынан эле коюлганда аны сактап калууга болмок", — деди адис.

Ролик кыргызских вайнеров на песню зын, зын. Фото со страницы инстаграм пользователя emil.toktoshev - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: колу туткак кайгуулчу, кыздар эми "зың-зың-зың"
Буга чейин Болат Нуримовдун жакын досу Саги Алмуратов маркумдун артында 1,5 жаштагы баласы калганын билдирген.

"Зың-зың" ыры социалдык тармакка чыгар замат вирустук видеого айланган. Популярдуулуктун туу чокусун Jokeasses вайнерлеринин клиби алып келген.

Юмористтердин YouTube каналындагы композициясын миллиондон ашык адам көргөн. Ушул эле клип Instagram тармагынан жарым миллион жолу көрүлгөн. Буга чейин Нуримов бул композицияны аткарып, бирок өчүрүп салса дагы интернетке тарап кетип, популярдуулукка ээ болгонун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0