Эки адамдын өлүмүнө себепкер болгон милиционер 10 жылга кесилди

Жазылуу
Беш унаа кагышкан жол кырсыгы 18-августта болгон

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту эки айдоочунун өлүмүнө себепкер болгон милиционерди 10 жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында жабырланучу тараптын туугандары билдирди. 

Каза болгон Дмитрий Кисленконун аялы күнөөкөр жазасын турак колонияда өтөй турганын жана маркумдун үй-бүлөсүнө 200 миң сом төлөп бере турганын айтты. 

Белгилей кетсек, 18-августта таңкы саат 6.15те борбор калаанын Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде беш унаа кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгон. Кийинчерээк кырсыкка себепкер болгон айдоочу мас абалында болгону аныкталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0