Ноябрдагы майрамдарга карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер 4-8-ноябрда аба ырайы бузулушу мүмкүндүгүн божомолдоп жатышат

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ноябрь айындагы майрамдарда Кыргызстандын бир катар аймактарында жамгыр жаашы мүкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

4-5-ноябрда абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Күндүз +10…+12 градуска чейин жылуу болот.

2018-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр - Sputnik Кыргызстан
2018-жылдагы дем алыш күндөр
6-ноябрдан 8-ноябрга чейин бир аз жылып, күндүн табы 15 градуска чейин көтөрүлөт.

Эске салсак, ноябрь айынын башында кыргызстандыктар катары менен төрт күн — 4-5-6-7-ноябрда эс алат. 4-5-ноябрь дем алыш күнгө туура келса, 7-ноябрь — Октябрь социалисттик революция күнү болгондуктан иш күн эмес.

Премьер-министр Сапар Исаков дем алыш жана майрам күндөрдү үнөмдүү пайдалануу үчүн 28-октябрды 6-ноябрга жылдырган.

Андан сырткары, эгер Жогорку Кеңеш 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп кабыл алса, 8-ноябрь дагы майрам күн катары белгиленип калышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0