БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү дүйнөлүк футбол жылдыздарын коркутуп-үркүтүүгө алган билдирүү жасашты.
Андагы сөз испаниялык "Барселона" клубунун жана ПСЖнын оюнчулары Лионель Месси менен Неймарга багытталган.
Интернетке тараган сүрөткө террорчу жазалап жаткан эки футболчунун элеси түшүрүлгөн.
"Биз мусулман өлкөлөрүндө жашап жатканда силер эч качан тынч болбойсуңар", — деп жазылган сүрөттүн алдында.
Бир аздан соң террордук топтун жаңы бутасы катары Мадриддин "Реал" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду көрсөтүлдү. Сүрөттө ур-тепкиге алынган Роналду тизелеп, анын артында бычак кармаган согушкер турганы көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, согушкерлер интернет айдыңына 2018-жылы өтчү футбол боюнча дүйнө биринчилигинин эмблемасы, стадиондор тартылган сүрөттөрдү таратышты.
The Sun басылмасынын жазганына караганда, мындай жол менен "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрү 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин катышуучуларынын жүрөк үшүн алып коюуну максат кылып жатат.