Кытайдагы ири трассалардын биринде койлордун кесепетинен ири жол кырсыгы катталганын CGTN телеканалынын Youtube баракчасына жарыяланды.
Жол четинде оттоп жүргөн үч кой унаалар өтүп жаткан жолго чыгып кеткен. Биринчи жеңил унаанын айдоочусу койду сүзүп кетип токтогон. Бир нече секундадан кийин ал унааны дагы эки машина койгон.
Үч унаанын айдоочулары сыртка чыгып, унааларын карап жаткан кезде ары жактан келе жаткан жүк ташуучу унаа токтой албай төрт адамды тебелеп кеткен. Натыйжада экөө жеринде мүрт кетсе, дагы экөө ооруканадан көз жумган.
Трагедия Пекин — Харбин трассасында болгон.