Бишкектин жолдорунда троллейбустар гана жүрсүн. Соцтармакка тараган петиция

© Фото / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТроллейбустар. Архив
Троллейбустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Петиция Бишкек мэрине, жаңы шайланган президентке, чиновниктерге жана Транспорт министрлигине багытталган

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Facebook социалдык тармагына Бишкек шаарынын жолдорунан автобустар менен маршруткалар алынып, троллейбустар гана каттасын деген петиция тарап жатат.

Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициясы жоюлду. Жаңы башкармалыкта ким иштеп, эмне менен алектенет
Петиция фейсбукчу Александр Мельников тарабынан change.org сайтына жарыяланган.

Анда троллейбустан иштетилген газ чыкпай турганы жана жарандар үчүн ыңгайлуулугу артыкчылык катары белгиленген.

Петиция Бишкек мэрине, жаңы шайланган президентке, чиновниктерге жана Транспорт министрлигине багытталган. Петиция социалдык тармактардан 1500 кол топтошу керек. Учурда 1200 добуш алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0