Караколдо аял күйөөсүн кызганычтан улам жамбашка сайып жаралады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши арыз менен кайрыла турган болсо аял Кылмыш жаза кодексинин "денеге залал келтирүү" беренеси боюнча жоопко тартылышы ыктымал

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Караколдо үйүнө түндө келген 28 жаштагы тургунду аялы бычак менен жамбашка сайганын Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 17-ноябрга караган түнү болгон.

"Түнкү саат экиде облустук ооруканага бычак жеген Каракол шаарынын тургуну тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарек боюнча милициянын ыкчам тобу барган. Жерине барган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаракат алган кишини жарандык никедеги аялы бычак менен жамбашка сайганын аныктаган. 32 жаштагы аял күйөөсүн кызганып ушундай кадамга барган", — деп Ысык-Көл ОИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жаракат алган киши ооруканага кайрылып, сот-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөтүлгөн. Аял киши жоопко тартылабы же жокпу, ал күйөөсүнүн кийинки кадамдарынын көз каранды.

Эгер эркек киши арыз менен кайрыла турган болсо аял Кылмыш жаза кодексинин "денеге залал келтирүү" беренеси боюнча жоопко тартылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0