Бишкек — Торугарт трассасында автоунаа аласалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу рулду башкара албай машина кырсыкка учураган

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында автоунаа аласалып, беш киши жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 24-ноябрда саат 19:00дөр чамасында аталган жолдун 180-чакырымында болгон.

"Subaru Legacy үлгүсүндөгү машинаны башкара албай, ал ала салган. Анын кесепетинен беш киши — бир эркек, үч аял жана өспүрүм жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар аларды машинадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0